Наши мероприятии

Таш-Көмүр аймактык колледжинде IWIN-TRK програмисттер клубунун расмий ачылышы

Бүгүн Таш-Көмүр аймактык колледжинде IWIN-TRK програмисттер клубунун расмий ачылышы өттү. Иш-чаранын алкагында клубдун мүчөлөрү өздөрү иштеп чыккан долбоорлорун көпчүлүккө сунуштап, алардын мүмкүнчүлүктөрү жана максаттары тууралуу маалымат беришти. Бул клуб жаш IT адистеринин чыгармачылыгын өстүрүүгө, жаңы технологияларды өздөштүрүүгө жана инновациялык идеяларды ишке ашырууга өбөлгө түзөт. Иш-чарага катышкан бардык студенттерге ийгилик жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз!

Таш-Көмүр аймактык колледжинде “Жасалма интеллект: жаңы доордун негизги көндүмдөрү” аттуу таймаш!

4-апрель күнү ПОВТАС-1-24 жана УБЧ-1-24 топторунун студенттери жасалма интеллект жаатындагы билимдерин сынап, заманбап көндүмдөрүн көрсөтүштү.

ПОВТАС-1-24 тайпасы “Компьютердик сабаттуулук жана жасалма интеллект” темасында доклад окуп, мазмундуу презентация аркылуу өз ой-пикирлерин активдүү түрдө билдиришти. Презентация учурунда студенттер жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрү жана анын күнүмдүк турмуштагы ролу тууралуу кеңири маалымат беришти.

Иш-чара логикалык суроолор, кызыктуу тапшырмалар жана чыгармачыл ойлор менен коштолду.

Уюштуруучулар:
Арстанкулова Урмат Акаевна
Момунова Айнуска Талантбековна
Бактыбек уулу Байэл

Жеңүүчүлөргө грамоталар тапшырылды!

Жаңы доордун негизги көндүмдөрүн бүгүнтөн баштап өздөштүр!

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” Уңгу жолу жөнүндөгү Жарлыгын аткаруу максатында, 17-март күнү Таш-Көмүр аймактык колледжинде студенттер арасында УБЧ-1-24 жана ПОВ-1-24 тайпаларынын катышуусунда таймаш болуп өттү. Иш-чараны окутуучулар Арстанкулова Урмат Акаевна, Момунова Айнуска Талантбековна жана Бактыбек уулу Байэл уюштурду.

“Манас, Семетей, Сейтек – үч муундун биримдиги жана тарыхый уландысы” деген темада өткөн бул таймашка студенттер активдүү катышып, жигердүүлүгүн көрсөтүштү. Жыйынтыгында катышуучуларга сертификаттар ыйгарылды.

“Манас” үчилтиги – кыргыз элинин тарыхын, маданиятын жана улуттук аң-сезимин камтыган улуу мурас!

Студенттеринин академиялык мобилдүүлүгүн уюштуруу,  окуу жайлардын ортосундагы илимий-чыгармачылык иштерин жандандыруу, конок лекторлук жана окутуучулардын тажрыйба алмашуу максаттарында Таш-Көмүр аймактык колледжи менен Борбордук-Азия колледжинин эки тараптуу келишимине ылайык аталган окуу жайлардын ортосунда кызматташтык уланууда.

2025-жылдын 14-февраль айында ТАКтын окутуучулары БАКтын студенттери үчүн окутуу процессинде маалыматтык технологияларды колдонуу багытында сабактарды өтүп, сертификаттарга ээ болуп келишти.